Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

5-февралга аба ырайы

Чукул билдирүү:

4-6-февралда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265-чакырымдары, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолундагы 65-90-чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолунун 65-90-чакырымдары, Красная-Горка-Ак-Таш жолунун 1-9-чакырымдары, Казарман-Актал-Чат жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94-чакырымдарындагы (Ийри – Суу участкасынын 42-44) Каракол-Эңилчек жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдары жана Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун Барскоон жана Сөөк ашуусунда (60-68 чакырымдары) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Аба ырайы:

5-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт. Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -11...-16, күндүз -4...-9,

Талас жергесинде түнкүсүн -12...-17, күндүз -4...-9,

Баткен облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -2...-7,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -5...-10, күндүз -2...-7,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...-7,

Нарын облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз -9....-14,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20...-25, күндүз -13...-18 суук.

Бишкек шаарында кар жаабайт. Түнкүсүн туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Түнкүсүн -12…-14, күндүз -6…-8 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG