Хоккей боюнча Нарын облусунун Жумгал районунун бешинчи ачык кубогу 4-февралда Чаек айылында башталды.
Мелдештин уюштуруучулары "Азаттыкка" маалымдагандай, турнирге Ат-Башы районунан бир, Ысык-Көл облусунан эки (Ак-Суу, Түп) жана Жумгал районунан беш команда (Куйручук, Байзак, Миң-Куш, Жумгал-Шортон, Кызыл Жылдыз) катышууда.
Байге фонду 150 миң сомду түзгөн оюндардын финалдык беттеши 5-февралда өтөт. (ECh).