Бишкектеги көп кабаттуу үйдөн боюн таштап жан берген кыздын өлүмү интернетке тараган оюн менен байланышы жок. Бул тууралуу алгачкы оперативдик маалыматтарга таянып Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 17 жаштагы кыз 4-февраль күнү эртең менен көп кабатуу үйдүн сегизинчи кабатынан боюн таштап, каза болгон. Алгачкы иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча ал кыз шаарда таежеси менен жашап жүргөн.
Ата-энеси ажырашып кетип, апасы Орусияда жашары жана маркум кыз да бир нече убакыт аталган өлкөдөгү мектепте окуганы аныкталган.
Орусияда жашап жүргөн учурда кыз эпилепсиядан жабыркаганы үчүн психиатрларга кайрылганы да белгилүү болду.
Кыз акыркы күндөрү башы ооруп жатканын айтып, мектепке барбай жүргөн.
Милиция окуучу кыздын өлүмү интернеттеги азгырма оюндарга тиешеси жок деген версияны айтууда. Учурда анын өлүмү боюнча иликтөө иштери уланууда.
Акыркы күндөрү баш калаада балдарды өлүмгө түрткөн тармактык "оюн" жайылууда. Интернет аркылуу "Көк кит" аталган, түрдүү хэштег менен тарап жаткан бул опурталдуу "оюн" өспүрүмдөрдү жан кыюуга үндөөгө багытталганы айтылган эле. (BkA)