2016-жылы Кыргызстанда балдар катышкан жол кырсыктарынын саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу 10 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, былтыр балдардын катышуусуyнда 1575 кырсык катталган. Андан 1754 бала ар кандай жаракат алса, 128 бала көз жумган.
2015-жылы жол кырсыгынан 96 бала каза болгон.
Ички иштер министрлиги жалпы жол кырсыктарынын саны мурдагы жылдарга караганда 16 пайызга азайганын билдирүүдө. (BkA)