Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Аба ырайы: чукул билдирүү


5-6-февралда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунунун 65-90-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолунун 65-90-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш жолунун 1-9-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат жолундагы Кара-Көө ашуусунда, Ийри – Суу участкасында, Каракол-Эңилчек жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда жана Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун Барскоон жана Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Аталган жолдордо кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Аба ырайы:

6-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12...-17, күндүз -4...+1,

Талас жергесинде түнкүсүн -14...-19, күндүз 0...-5,

Баткен облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз -3...2,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...+3,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...+1,

Нарын облусунда түнкүсүн -18...-23, күндүз -8....-13,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22...-27, күндүз -10...-15 суук.

Бишкек шаарында кар жаабайт. Түнкүсүн туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Түнкүсүн -12…-14, күндүз 0…-2 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG