Румын премьер-министри Сорин Гриндяну коррупциялык кылмыштарга жазаны жеңилдетүү боюнча чечим 5-февралда өкмөттүн атайын жыйынында жокко чыгарыларын билдирди. Өкмөттүн зыяны азыраак коррупциялык кылмыштар үчүн чиновниктерди абакка камабоо чечими бир жумадан бери Румынияда нааразылыктарды жаратууда.
4-февралда көчөгө чыккан демонстранттардын саны 330 миң болгонун полиция маалымдады. Бул 1989-жылы коммунисттик лидер Николае Чаушескиге каршы нааразылык жүрүштөрүнөн кийинки эң көп калк катышкан акция болуп жатат.
4-февралда премьер-министр Гриндяну түз эфирде чечим жокко чыгарыларын айтып жатканда, демонстранттар “кызматтан кет” деп кыйкырып турду. (AiT)