Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Ооганстанда кар көчкүдөн набыт болгондордун саны 100дөн ашты


Катаал кыш Ооганстанга биртоп оорчулуктар алып келди.
Катаал кыш Ооганстанга биртоп оорчулуктар алып келди.

5-февралда Ооганстанда калың жааган кардан, кар көчкүдөн каза болгондордун саны улам өсүүдө. Нуристанда эки айыл кар көчкү алдында калган. Ооганстан борбору Кабулда кеңселер, эл аралык аба майданы жабылды. Бадахшан провинциясында байланыш үзүлүп, 12 район менен карым-катнаш калыбына келе элек. Бул провинцияда кар көчкү, жол кырсыгы жана үйлөрдүн чатырлары кардын оордугунан кыйрап, 19 киши набыт болуп, 17 адам жарадар болгон.

Ооганстан менен чектеш Пакистандын Читрал провинциясында кар көчкү тогуз кишинин өмүрүн алып, 14 киши ураган үйлөрдүн алдында калганы кабарланды. Полиция жана аскерлер Кабул-Кандагар жолунда калган 250дөй автоунааны куткаруу аракетин жасоодо.

XS
SM
MD
LG