Линктер

жекшемби, 25-февраль, 2018 Бишкек убактысы 10:16

Египеттик жаран Париждеги Луврда эки колуна канжар кармап аскер кызматкерине кол салган учурда, алардын бири ок чыгарган. Ок тийип жарадар болуп ооруканада жаткан 29 жаштагы Абдулла аль Хамками полицияга көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.

Президент Франсуа Олланд бул окуяны терракт деп атады.

Абдулланын атасы Египеттин отставкадагы ички иштер генералы Реда ал Хамами уулу террорчу эмес экенин, ал Араб эмиратында жашарын, Парижге иш боюнча барганын билдирүүдө.

Бул окуяны полиция иликтеп жатат.

XS
SM
MD
LG