Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Ош облусунда окуучунун өлүмү иликтенүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Ош облусунун Араван районунда мектеп окуучусунун өлүмү иликтенүүдө. "Азаттыкка" Керме-Тоо айыл аймагынын башчысы Сүйүн Гүлжигитов кабарлагандай, 6-класстын окуучусунун сөөгү 4-февралда үйдүн короосундагы сарайдан табылган. Баланын апасы Орусияда иштейт, өзү тайларынын колунда тарбияланып жаткан.

Окуяга интернетте тараган кооптуу оюн түрткү болбогону айтылууда, себеби ал мобилдик оюндарга кошулган эмес.

Соңку кезде Кыргызстанда интернетте балдарды өлүмгө чакырган оюндар тараганына байланыштуу Билим жана министрлиги түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Февраль айы башталгандан бери өлкөдө бир нече өспүрүмдүн өлүмү катталды, бирок алардын бири да интернеттеги оюнга байланышы бар экени тастыктала элек. (ErN)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG