Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:34

Нарында электр баасына нааразылар пикетке чыкты


Нарын. 6-февраль, 2017-жыл

Нарында электрдин баасына байланыштуу акция өтүүдө. "Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча, ушу тапта облустук акимчиликтин алдында 50 чакты адам чогулуп турат. Алар электр энергиясынын тарифтерин кайра карап чыгууну талап кылууда.

Жаратылыш шартына байланыштуу кышында электр баасын 77 тыйындан гана төлөөгө уруксат берүү жана көмүрдү мамлекет бекиткен баадан жогору сатпоо талаптары айтылууда.

Акциянын катышуучулары билдиргендей, мурда өкмөткө жөнөткөн катка жооп келген, анда тарифтер жыл аягына чейин өзгөртүлбөй турганы айтылган.

Кыш катаалданган мезгилде Нарын облусунда көмүр таңсыктыгы байкалып, баа кескин көтөрүлгөн. Ал эми айрым үй-бүлөлөргө бир айлык жаккан электр энергиясы үчүн 5 миң сомдон жогору эсеп келип жатканы элдин нааразылыгын туудурган.

Быйыл Нарында сууктун күчү айрым жерлерде -35...-40 градуска чейин жетти.(MiK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG