Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:57

Үй-бүлөлүк зомбулуктан эркектер да жабыркоодо


Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулуктан аялдар гана эмес, эркектер да жабыркоодо. Бул тууралуу Ош шаарында өткөн коомдук талкууда айтылды.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутат аялдарынан турган топ катышты.

Депутат Рада Туманбаева үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар боюнча статистикада аялдар 58 %, балдар 18%, улгайгандар 15% жана эркектер 7% түзөрүн айтып берди.

Ал эми Оштогу «Аялзат» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Наргиза Ештаева 2015-жылы жардамга муктаж аялдардын 3524 милицияга арызданса, 8458и кризистик борборлорго кайрылганын айтты.

Иш-чарада айтылгандай, учурда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзам долбоору иштелип чыгууда, эгер ал кабыл алынып ишке кирсе, кризистик борборлорду каржылоого республикалык бюджеттен 25 миллион сом бөлүнөт. (RK)

XS
SM
MD
LG