Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:48

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал талкууланды


Мирбек Касымкулов жана Ражабали Рахмонали
Мирбек Касымкулов жана Ражабали Рахмонали

Лейлекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү өттү. Чек ара кызматынан бүгүн кабарлашкандай, ишемби, 4-февралда өткөн жолугушууга Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Мирбек Касымкулов жана тажик Чек ара аскерлеринин командачысы Ражабали Рахмонали төрагалык кылды.

Негизги көңүл чек арада түрдүү чыр-чатактарды алдын алуу жана пайда болгон конфликттерди тынч жайгаруу чараларына бурулду. Жергиликтүү бийлик башчыларынын жардамы өтө маанилүү экени баса белгиленди.

Чек арачылардын күнүнө карата "Чек ара аскерлеринин достору" аттуу балдар ийримдеринин катышуучуларынын ортосунда спорттук таймаштарды уюштуруп туруу макулдашылды.

Ортодогу чек ара тилкеси такталып бүтө электигинен улам эки өлкө жарандарынын ортосунда түрдүү чыр-чатактар катталып турат. (RK)

XS
SM
MD
LG