Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

БУУ: Ооганстанда тынч жарандар арасында жоготуу 3% көбөйдү


Ооганстан.
Ооганстан.

2016-жылы Ооганстанда тынч жарандар арасында жоготуу 3% өсүп, 11418 киши курман болуп же жараланганын Улуттар Уюму маалымдады. Ооганстандагы ички кагылышууларда жалпысынан 3498 жайкын тургун набыт кетип, 7920 жарадар болгон. Бул 2015-жылга салыштырмалуу 3% көп.

БУУнун Ооганстандагы миссиясынын 6-февралда таратылган баяндамасында набыт кетип же жарадар болгондордун 1/3 балдар экени белгиленген. Тынч жарандар арасындагы курмандыктардын 61% өкмөткө каршы күрөшүп жаткан Талибан жана “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмдарынын аракетинен келип чыккан. Ооган коопсуздук күчтөрүнүн аракети курмандыктардын 20% түзөт. Өкмөтчүл ыктыярчылар жана эл аралык күчтөр ар бири 2%дан жоготуу алып келген. (AiT)

XS
SM
MD
LG