Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:20

Аэродром тегерегиндеги курулуштар текшериле баштады


16-январда Дача СУ айылына кулаган учактын айынан 39 өмүр кыйылды
16-январда Дача СУ айылына кулаган учактын айынан 39 өмүр кыйылды

Кыргызстандын транспорттук прокуратурасы республиканын аймагында жайгашкан аэродромдордун тегерегине салынган курулуштардын мыйзамдуулугун текшере баштады. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Биринчилерден болуп текшерүүгө алынган «Баткен» жана «Жалал-Абад» аэродромдорунун жанында жер тилкелери мыйзамсыз берилип, 20дан ашуун курулуш тургузулганы белгилүү болду.

Ал эми бул аэродромдор өзүлөрү 1970-жылдары курулганы менен алигүнчө шаардын башкы планына кире электиги аныкталды.

Учурда текшерүү иштери башка облустарда да жүрүп жатат.

Быйыл 16-январда "Манас" аэропортунун жанындагы Дача СУ айылына учак кулап, 39 адамдын өмүрү кыйылган. (RK)

XS
SM
MD
LG