Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

БШК мүчөлөрү кайрадан регламент боюнча нааразылык айтууда


Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кайрадан регламенттин бузулушу тууралуу нааразылык айтууда.

БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова төрайым Нуржан Шайлдабековага кайрылып, "канча ирет БШКнын регламентин, мыйзамды сактайлы деп кайрылганыма карабастан кайрадан эле БШК отурумуна чыгарылган маселелер, материалдар убагында, мыйзам талап кылгандай алдын ала таркатылбай жатат. БШК мүчөлөрү алдын ала таанышып, туура добуш бергенге шарт түзүлбөй жатат, ошол себептен чечимдерибиздин катачылыктарын таап, жокко чыгарганга мажбур болуп жатабыз" деди.

Бүгүн БШК жыйынында 30-январда өзү кабыл алган токтомунун бир бөлүгүн жокко чыгарды. Буга 27-январда Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо билинип калган кемчиликтер негиз болду.

Былтыр декабрь айында Жалал-Абадда шаардык кеңешке шайлоого байланыштуу БШК чечимине анын мүчөлөрү Атыр Абдрахматова менен Гүлнара Журабаева каршы добуш берген. Абдрахматова гендердик теңдик сакталган эмес деген негизде БШК тизмени жокко чыгарышы керек болчу деп билдирген. (EBM)

XS
SM
MD
LG