Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

АКШ: Трамп менен соттордун тиреши


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Дональд Трамптын иммиграциялык саясатын АКШ соттору четке кагууда. Мына ушундан соң Кошмо Штаттарга кирүү укугунан бери дегенде 90 күнгө ажырагандарга кайрадан уруксат бериле баштады.

Ирактык Фуад Шареф АКШга виза алыш үчүн эки жылын короткон. Акыры ана-мына жөнөйбүз деп жатканда Трамптын кадамы анын көчүн арсар кылган эле.

Жекшембиде Теннеси штатынын Нэшвилл шаарына үй-бүлөсү менен учуп келген Фуад:

- Мен муну сүрөттөп айталбай турам. Өтө, өтө кубанычтамын. Ишенсеңиз, бул өзгөчө, адаттан тыш күн. Мен мындайды күткөн эмесмин. Өтө кубанычтамын, - деди сүйүнүчүн жашыра албай.

27-февралдагы Трамптын жарлыгына ылайык, иммиграциялык визасы бар миңдеген адамдардын визасы жокко чыгарылган болчу.

А бирок 3-февралда Сиэтл федералдык соту Вашингтон штатынын генералдык прокурорунун арызын канааттандырып, президенттин ал жарлыгын Конституцияга шайкеш келбейт деп четке какты. Мындан соң тыюу салынган өлкөлөрдүн Фуад Шареф сыяктуу жарандары АКШга кайра киргизиле баштады.

Аларды “Жаңы үйүңөргө кош келгиле!”, “Америка иммигранттардан куралган!” деген өңдүү жазуулары бар плакаттар менен тосуп алышууда.

Ал эми Юстиция министрлиги Федералдык соттун чечимине каршы арызданып, иммиграциялык чектөөнү кайрадан дароо калыбына келтирүүнү өтүнүп, Сан-Францискодогу апелляциялык сотко кайрылган.

Апелляциялык сот жекшембиде доо арызды четке кагып, 6-февраль, түштөн кийин эки тарапты тең аргументтерди алып келүүгө милдеттендирди.

Бул арада жекшемби күнү АКШ президенти Дональд Трамп сотторго нааразылыгын “Твиттерге” жазды:

- Судья биздин өлкөнү ушундай коркунучка кептеп жатканына түшүнө албай турам. Эгер бир нерсе болуп кетсе, аны жана сот системасын күнөөлөгүлө. Адамдар агылып кирип жатат. Жаман!

Иммигранттарды жылуу тосуп алууга үндөгөн плакаттар.
Иммигранттарды жылуу тосуп алууга үндөгөн плакаттар.

Сиэтлдеги чечим чыгарган судья Жеймс Робартты президент мурдараак “судья сөрөй” деп атаган. Анын “алысты көрө албаган чечим” чыгарганын айтып, бүтүм жокко чыгарыларын убада кылган.

Ошондой эле Трамп Улуттук коопсуздук министрлигине өлкөгө кирип жаткандарды тыкыр текшерүүгө буйрук бергенин, бирок, соттор ал ишти татаалдантып жатканын да билдирүүдө.

АКШ президенти 27-январда мусулмандар басымдуулук кылган Иран, Ирак, Сирия, Ливия, Судан Сомали жана Йемендин жарандарына виза берүүнү үч айга токтоткон эле. Ал эми качкындарга виза берүүнү 120 күнгө, сириялык качкындарга виза берүүнү белгисиз мөөнөткө жылдырган болчу.

Буга каршы АКШда жана башка дүйнөдөгү бир топ шаарларда адамдар нааразылык билдиришип, көчөгө чыгышкан.

Соттон тышкары АКШнын бийлик чөйрөсүндөгү башка адамдар да, маселен, сенаторлор Трамптын бул кадамына каршы экенин айтышууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG