Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

АКШ: Жон Керри менен Мадлен Олбрайт соттордун чечимин кубаттады


Жон Керри менен Мадлен Олбрайт
Жон Керри менен Мадлен Олбрайт

Мурунку мамлекеттик катчылар Жон Керри жана Мадлен Олбрайт Дональд Трамптын жардыгын токтоткон соттордун чечимин колдогон көрүнүктүү демократтардын катарына кошулду.

Президент Трамп жети мусулман өлкөсүнүн жарандарына виза берүүнү чектөө, качкындарды кабыл алууну токтотуу жөнүндө жардыкты 27-январда чыгарган. Ал жардыкты адегенде Сиэтл соту Конституцияга каршы келет деп токтотту. Ал чечимди Сан-Франциско апелляциялык соту да күчүндө калтырды. Мурдагы мамлекеттик катчылар соттордун чечимин кубаттоого алды. Ал эми Дональд Трамп соттордун чечимин кескин айыптап, соттор америкалыктардын коопсуздугун “тобокелге” салып жатат деди. (AiT)

XS
SM
MD
LG