Общиндер палатасынын төрагасы Жон Беркоу АКШ президенти Дональд Трамптын Лондонго сапары учурунда ага парламентке келип сүйлөөсүнө жол бербөөгө үндөдү. Беркоунун сөзү боюнча Общиндер палатасы расизм, сексизмди кабыл албайт, эркин, адилеттүү сотту колдойт. Ушундай эле пикирди Британ парламентинин 160тан ашуун мүчөсү айтууда.
Трамптын Лондонго сапары быйыл жай айларына мерчемделген. Аны Британиянын премьер-министри Тереза Мэй жакында АКШга сапары учурунда чакырган.
Трамптын келишине каршы петицияны дээрлик эки миллион ашуун британдык колдогон. Ошол эле учурда үч жүз миңден ашуун киши Трампты сапарын ишке ашырууга чакырган катка кол коюшкан.