Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Өткөн жылы Баткендеги шахталарда 8 киши набыт болгон


 Баткендеги көмүр.
Баткендеги көмүр.

Алардын дээрлик бардыгы коопсуздук талаптагыдай сакталбаган шахталардагы кырсыктан каза болушкан.

Акыркы жылдары аймактагы көмүр казуучу шахталардын саны көбөйүп, Сүлүктү шаарында өткөн жылы 4 көмүр өндүрүүчү ишкана ачылып, 94 жумушчу орун түзүлгөн. Мындай маалыматты шаардык бийликтен “Азаттыка” билдиришти.

Учурда жалпысынан шаарда 31 көмүр өндүрүүчү шахта иштейт. Андан жылына 200 мин тоннадай көмүр казылат. Өндүрүлгөн көмүрдүн көпчүлүк бөлүгү Тажикстанга сатылгандыктан, аймакта көмүрдүн баасы кымбат. Ушул тапта Баткенде 1 тонна көмүрдүн баасы 7 миң сом.

Баткен облусу жылына 80 миң тонна көмүр керектейт. (JsA)

XS
SM
MD
LG