Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

Петербургда укук коргоочулар Түндүк Корея жаранын депортациялоого каршы


Пхеньян.
Пхеньян.

Түндүк Кореянын жараны Цой Мен Бок 15 жыл мурун эмгек лагеринен качып, Орусияга келген. Аны өлкөдөн күчтөп чыгаруу боюнча чечим Всеволод шаардык соту тарабынан чыккан. Сот чечими күчүнө 10-февралда кирет.

Азыр Цой Мен Бок чет өлкөлүк жарандар убактылуу баш калкалоочу жайда. “Мемориал” укук коргоо комитетинин адвокаты Ольга Цейтлина бийликтер аны Түндүк Кореяга депортациялоосу ыктымалдыгын айтып, тынчсызданууда. Анын айтуусунда, мекенинде Цой Мен Бокту өлүм жазасы күтүп турат. Түндүк Кореянын жараны Цой Мен Бок 15 жыл мурун Амур областындагы эмгек лагеринен качып чыгып, ошондон бери мыйзамсыз жашап келген. Орусияда анын жарандык жубайы жана эки баласы бар. Ал бир нече жолу качкын макамын алууга аракет кылып, анысынан майнап чыккан эмес. Цой Мендин адвокаттары адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылып, аны депортациялоодон убактылуу коргоону өтүнүштү. 6-февраль күнү Европа соту Цой Мендин иши сотто каралмайынча мекенине кайтарбай турууну орус бийлигине эскертти. Европа соту ишти бир жыл аралыгында кароосу мүмкүн.

2016-жылы февралда Түндүк Кореянын дагы бир жараны Орусиядан сот чечими менен мекенине депортацияланган.

XS
SM
MD
LG