Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Алмазбек Атамбаевдин Брюсселге сапары пландалууда


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаевдин Брюсселге расмий сапары пландалууда. Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, элчи Чезаре Де Монтис бейшемби күнү маалымат жыйын куруп, Евробиримдик менен Кыргызстандын 2016-жылдагы кызматташтыгынын жыйынтыгы, Алмазбек Атамбаевдин бул уюмдун Брюсселдеги башкы кеңсесине сапары жана Кыргызстанга пландалып жаткан расмий сапарлар тууралуу маалымат берет.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов бүгүн "Азаттыкка" бул маалыматты тастыктап, Брюсселге сапар боюнча иш жүрүп жатканын билдирди.

Европа биримдиги былтыр 27-январда Кыргызстанга жалпы жеңилдиктер системасын колдонуу боюнча ВСП+ макамын берүү чечимин кабыл алган. Бул артыкчылык макамына ылайык, кыргызстандык экспортчулар Европага ташый турган товардын алты миңден ашуун түрүнө бажы төлөмүн төлөбөйт. (RK)

XS
SM
MD
LG