Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Президент жол куруу тармагындагы абал менен таанышты


Жол куруу жана оңдоо боюнча пландалган иш-чаралардын баары өз убагында жана сапаттуу бүткөрүлүшү керек. Мындай талапты бүгүн президент Алмазбек Атамбаев транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов менен жолугушууда койду.

Министр Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад, Бишкек-Чолпон-Ата-Корумду, Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош-Баткен-Исфана, Талас-Тараз-Суусамыр стратегиялык жолдору боюнча абал, Бишкек-Кара-Балта унаа жолун куруу планы тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары жергиликтүү маанидеги жолдорду тейлөө пландары боюнча да сөз болгонун президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызстанда совет маалында курулган жолдордун баары эскилиги жеткен. Алардын айрымдары чет жактан алынган грант-насыялардын эсебинен оңдолуп келатат. Бирок көбү коррупциянын айынан талапка жараша оңдолбогондуктан бат эле бузулуп жатканы коомчулук арасында нааразылык жаратып келет.

Ал эми курулушу 2016-жылы башталган Балыкчы-Корумду жолу каражаттын жоктугунан улам токтоп турат. (RK)

XS
SM
MD
LG