Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 21:25

Журналист Зулпукар Сапанов атайын кызматта сурак берүүдө. Бул тууралуу ал декабрь айынан бери иштеп жүргөн «Dе-Факто» гезитинен кабарлашты.

Гезиттин сайтына "УКМКнын оперлери тинтүүгө алып үй ичиндеги компьютер, уюлдук телефон жана китептерин , өзүн сурака алып кетишти. Сапанов өткөн жылы «Кыдыр санжырасы» китебин чыгаргандан кийин ар кандай дин өкүлдөрү УКМКга байма-бай арыз жазып, авторду камакка алууну өтүнүшкөн. Ал эми автор аталган китепте эч кандай бөлүп жаруу же башка диндерге шек келтирүү жок экенин баса белгилейт. Учурда кабарчыбыз УКМКда сурак берүүдө" деген маалымат чыкты.

Сапановдун өзүнүн телефону өчүрүлгөн, ал эми УКМК азырынча комментарий бере элек. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG