Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:28

Апелляциялык сот Трамптын жардыгы боюнча ишти 7-февралга белгиледи


Сан-Франциско округдук Апелляциялык соту Юстиция министрлигинин юристтерине өздөрүнүн жүйөлөрүн 7-февралда алып келүүнү сунуштады. Анда АКШ президенти Дональд Трамптын жети мусулман өлкөсүнүн жарандарына виза берүүнү жана качкындарды кабыл алууну токтото туруу жөнүндөгү 27-январдагы жардыгын калыбына келтирүү каралат. Сиетл соту президент Трамптын жардыгын токтотуп, жети өлкөнүн визасы бар жарандарынын АКШга келүүсүнө кайрадан жол ачкан эле. Соттун чечимин АКШдагы белгилүү дипломаттар, ири технологиялык компаниялардын лидерлери колдоого алды. Дональд Трамп соттордун чечими АКШ жарандарынын коопсуздугун тобокелчиликке салууда деп айыптоодо. (AiT)

XS
SM
MD
LG