Бул тууралуу Ооганстан расмийлери кабарлап, кар көчкү тосуп калган айылдарга жетүү аракети жасалып жатканы маалымдалды. Өткөн дем алыш күндөрү Ооганстанда жааган кардын калыңдыгы 2 метрге жетип, кар көчкүлөр жүргөн. Бороон жолдордун, ашуулардын жабылышына алып келген.
Өзгөчө кырдаалдар министри Вайс Ахмад Бармак 89 адам жаракат алып, 190 үй кар көчкүдө калганын 6-февралда билдирди. Жабыркагандар саны дагы өсөрү күтүлүүдө. Куткаруучулар кар көчкү баскан жолдорду тазалап, табийгат кырсыгына кабылган жерлерге жетүүгө аракеттенүүдө. Улуттар Уюму ооган өкмөтүнө жардамын сунуштады. (AiT)