Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

ТИМ: Ташкентте өрттөнгөн "Манас хандыгынын" ээсин тактоо жүрүүдө


Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги Ташкенттеги "Манас хандыгы" ресторанынын кыргыз жаранына тиешеси барбы же жокпу, териштирип жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди:

- 7-февралда Ташкенттеги "Манас хандыгы" ресторанында жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен 10:30да өрт чыкканын биздин элчилик кабарлады. Саат 11:30дарда өрт өчүрүлгөнү да кошо кабарланды. Элчиликтин маалыматына караганда, өрттүн кесепетинен эч ким жабыркаган жок.

Ресторандын интернеттеги расмий сайтында "Манас" арт-ресторанынын коноктору байыркы Кыргызстанга саякатка чөмүлөт, кыргыз ашканасынан, бешбармактан даам тата алат" деп жазылып турат.

Расмий маалымат боюнча Өзбекстан калкынын 1,4% кыргыз улутундагылар түзөт, бул дээрлик 400 миңден ашуун адам. (RK)

XS
SM
MD
LG