Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 00:43

Молдова президенти Брюсселге келди


Президент Игорь Додон 7-февралда Европа Биримдиги жана НАТО лидерлери менен сүйлөшүү өткөрөт. Додон Европа Биримдиги менен 2014-жылы кол коюлган Ассоциация келишиминен баш тартарын билдирген. Ал ошондой эле декабрда кол коюлган НАТОнун байланыш кеңсесин ачуу боюнча келишимге да каршы чыгып, Орусия менен байланышты калыбына келтирүүнү жактаган.

Жакында эле ал Москвага барып, президент Владимир Путин менен сүйлөшкөн жана анда Молдованын Евразия экономикалык биримдигинде байкоочу статусун алууга ниеттенип жатканын билдирген. Игорь Додон өткөн жылы президенттик шайлоодо орусиячыл өнөктүк жүргүзүп, жеңишке жетишкен. Ал жетектеген Социалисттик партия Молдова парламентинде ири фракцияга ээ. (AiT)

XS
SM
MD
LG