Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменейи Дональд Трамптын “Американын чыныгы жүзүн көрсөтүп жатышына” ыраазы экенин жашырган жок. Хаменейи 7-февралда Тегеранда аскер жетекчилери менен жолугушууда ушундай пикирин ачыкка чыгарды:
- Биз отуз жылдан ашык мезгилден бери Американын саясий, экономика, мораль, социалдык жана башкаруу системасындагы коррупция жөнүндө айтып келатабыз. Бул джентельмен келип, шайлоо өнөктүгү учурунда, андан кийин баарын ачыкка чыгарып жатат,- деди Хаменейи.
Руханий лидер ошондой эле “бир дагы душман Иранды алсырата албайт” деп билдирди. Ал ошондой эле Трамптын “коркутууларына” Иран ислам ыңкылабынын ушул жумадагы мааракесинде жооп берүүгө ирандыктарды чакырды. Ирандын баллистикалык ракеталарды сыноосуна байланыштуу Дональд Трамптын администрациясы өткөн жумада Иранга жаңы санкцияларды жарыялаган. (AiT)