Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

Шералы Назаркуловду эскерүү митинги өттү


Бишкекте укук коргоочу Шералы Назаркуловду эскерүү митинги өттү. Иш-чарага президенттик аппараттын, жарандык коомдун өкүлдөрү, маркумдун жакындары катышты.

Митингдин ачылышында акыйкатчы Кубат Оторбаев Назаркуловдун Кыргызстандагы укук коргоочулук ишмердүүлүк менен өлкөнүн эгемендигинин калыптанышына кошкон өзгөчө салымын белгиледи.

Иш-чара Айыл-чарба министрлигинин жыйындар залында уланып, анда Назаркулов тууралуу маалыматты калктын калың катмарына жеткирүүгө кошкон салымы үчүн айрым журналисттер, жарандык коом өкүлдөрү акыйкатчынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Укук коргоочу Шералы Назаркулов мурдагы президент Аскар Акаевдин бийлиги учурунда Үзөнгү-Кууштун Кытайга сатылып кетишине каршы Агропром имаратынын алдында ачкачылык жарыялап, саясий акциянын 22-күнүндө, 2002-жылдын 7-февралында каза болгон.

Активдүү атуулдук позициясы үчүн ал Акаев бийликтен кулагандан кийин “Эрдик” медалы менен сыйланган. (RK)

XS
SM
MD
LG