Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:38

Ош ЖИА ассоциациясы Индия менен кызматташтыкты талкуулады

Ош шаарында Ош ЖИА бизнес ассоциациясы жана Индиянын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган "Кыргызстан жана Индия кызматташуусунун келечеги" темасында бизнес-жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош ЖИАнын маалымат катчысы Жасур Парпиев билдирди.

Иш-чарага Индия, Орусия, Казакстандын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана Ош шаарынын 100дөн ашуун ишкери катышты.

Ош ЖИА төрагасы Канатбек Акаев Индиянын элчиси Жаянт Кхобрагадеге эки өлкөнүн ортосундагы маданий-экономикалык мамиленин чыңдалуусуна жана өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн "Ыраазычылык кат" тапшырды. (ErN)

XS
SM
MD
LG