Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Ооганстанда район башчысы жолго коюлган бомбадан набыт болду


Полициянын маалыматы боюнча, 7-февралда Фарах провинциясындагы Кхак-е Сафед районунун башчысы Абдул Халик Нурзай Фарах шаарындагы үйүнө жакын жерге коюлган бомбанын жарылышынан каза тапты. "Талибан" ага жоопкерчиликти алды. Ооганстанда жоочулар жол боюна бомба коюу менен мамлекеттик кызматкерлерге кол салып келет.

Улуттар Уюму 6-февралда жарыялаган баяндамасында тынч жарандардын өлүмүнө жол бербөөгө чара көрүүгө чакырган эле. Өткөн жылы Ооганстанда 11 418 тынч жаран жабыркап, ал 2015-жылга салыштырмалуу 3% өскөн. Акыркы маалыматтар боюнча Кабулда жарылуу болуп, тез жардам унаалары ал тарапка багыт алды. (AiT)

XS
SM
MD
LG