7-февралда телефон аркылуу сүйлөшүүдө Германия канцлери Ангела Меркель президент Владимир Путинди Чыгыш Украинадагы кагылышууларды токтотууга өз таасирин тийгизүүгө чакырды. Бул тууралуу Германия өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Акыркы жумада Чыгыш Украинада орун алган кагылышуулар 35 кишинин өмүрүн алды. Эки лидер телефон аркылуу сүйлөшүүдө кагылышуулар жакын арада токторуна үмүт артышкан. Алар бул үчүн жаңы аракеттер жасалышы керектигин белгилеп, Тышкы иштер министрликтерин жана жардамчыларын байланышта болууга үндөштү.
Кремлдин маалымдоосу боюнча, Путин жана Меркель Чыгыш Украинадагы атышууларды тезинен токтотууну талап кылып, адам өмүрүн алып жаткан кагылышууларга олуттуу тынчсызданууларын билдирген. (AiT)