Экс-мэр Махмасаид Убайдуллоевдин депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечими 7-февралда Дүйшөмбү шаардык мажилисинин кезексиз сессиясында кабыл алынды. Ага борбор шаардын мэри Рустам Эмомали катышты. Мандатынан Дүйшөмбү мэринин орун басары Фируз Улмасов да ажыратылды.
Тажикстандын Антикоррупциялык агенттиги Убайдуллаевдин мэр кезиндеги коррупциялык иштер боюнча иликтөө баштаганын кабарлаган. Президент Эмомали Рахмон уулу Рустам Эмомалини 12-январда Дүйшөмбү мэрлигине дайындаган.
64 жаштагы Убайдуллоев 19 жыл мэрлик кызматты аркалаган. Учурда ал тажик парламентинин жогорку палатасы - Милли мажлистин төрагасы. (AiT)