Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:29

Путин зордук-зомбулук боюнча талаштуу мыйзамга кол койду


Кабыл алынган мыйзамга ылайык, денеге зыян келтирбеген, ооруксунткан үй-бүлөлүк зордук кылмыш эмес, административдик тартип бузуу катары сыпатталат. Мыйзам ата-энелер менен балдардын, жубайлардын бири-бирине мамилесине багытталган. Эгерде үй-бүлөлүк келишпестикте ден соолукка зыян келтирилсе же окуя кайра кайталанса, анда тартип бузуучу кылмыш жообуна тартылат.

Мыйзамда көрсөтүлгөн административдик тартип бузуу үчүн 30 миң айыппул салуу, же 15 күн абакка салуу, же 120 саат коомдук ишке тартуу каралган. Мыйзамдын тарапкерлери ал мамлекеттин үй-бүлө иштерине негизсиз аралашуусуна тоскоол жасайт дейт. Ал эми аялдар, балдар уюмдары жана өкмөттүк эмес уюмдары мыйзамга киргизилген өзгөртүүнү сынга алышууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG