Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:08

Алтымыш адвокат Салянованы коргоп Башкы прокуратурага кайрылды


Аида Салянова
Аида Салянова

Кыргызстанда иштеген 56 адвокат жана юрист Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Аида Саляновага байланыштуу Башкы прокуратурага кайрылышты. Бул тууралуу адвокат Улан Жумаков кабарлады.

Жактоочулар Саляновага карата козголгон кылмыш иш мыйзамсыз экенин белгилеп, ага укуктук баа берүүнү өтүнүп жатат. Ошондой эле алар бул маселе өтө эле саясатташып кеткенин белгилөөдө.

Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турган кезде Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевге адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деген негизде Башкы прокуратура кылмыш иш козгогон. Тергөөнү УКМК өз колуна алган.

Салянова мыйзамды бузбаганын айтып, айыпты четке кагып келет. 1-февралда ал УКМКга беш саатча сурак берип чыккан.(RK)

XS
SM
MD
LG