Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

Балдар үчүн жазылган мыкты чыгармага сынак жарыяланды


Иллюстрация
Иллюстрация

Балдарга арналып кыргызча жазылган мыкты чыгармаларга сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, сынакка мектепке чейинки, кенже, орто, улуу мектеп жашындагы жана өспүрүм курактагы балдар үчүн чыгармалар үч номинация боюнча кабыл алынат. Алар: эң мыкты поэзия чыгармасы (китеп), эң мыкты проза (китеп) жана адабий чыгармалардын кыргыз тилине эң мыкты котормосу.

Материалдар 1-апрелге чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинде кабыл алынат.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктар 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө тапшырылат. (RK)

XS
SM
MD
LG