Москвадагы “Агора” укук коргоо уюму тараткан жаңы баяндамада “Орусия бийликтери интернетти согуш талаасындай көрүп, өлкөнүн ичинен да, сыртынан да маанилүү сын айтылган кезде аны куралдуу кол салуу катары карай баштады”, - деп жазылган.
Буга далил катары “Агора” 2016-жылы интернетте көз-карашын билдирген орусиялыктарга каршы жети кылмыш иши козголгонун, алардын төртөө абакка кесилгенин келтирет.
Буга кошумча өткөн жыл ичи саясатчылар менен расмий өкүлдөрдүн интернетке көзөмөлдү күчөтүү боюнча 97и сунушу катталган, ал эми онлайн мазмун филтирленген же тосмолонгон учурлардын саны былтыр 116 103кө жеткен. Бул мурдагы жылдан 15 миңге көптүк кылат.
“Булардын баары бизге Рунет аскерий абал тартибине кирди деген жыйынтыкка келүүгө мүмкүндүк берүүдө” ,- деп белгиленет “Агоранын” баяндамасында.
Орусияда интернет колдонуучулардын саны 66 миллиондон 84 миллионго чейин деп саналат.
Орус өкмөтү интернетте тышкы коркунучтарга да көңүл бурарын айтып келет. ФСБнын эсебинде былтыр 70 миллиондой киберчабуулдарга жол берилген эмес. Бирок “Агора” бул цифранын тууралыгынан күмөн саноодо. (UE)