Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:33

Салянова маселесин кароого депутаттар дээрлик бир добуштан макул болду


Аида Салянова
Аида Салянова

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Аида Саляновага козголгон кылмыш иш боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу маселе күн тартибине киргизилди. Бул үчүн 107 депутаттын 105и макул деп добуш берди.

Салянованын фракциялаштары комиссия түзүү сунушун бир аптадан бери айтып келаткан. Бирок жооп болбой жатканына байланыштуу бүгүн парламенттин жалпы жыйынында айрым депутаттар мындай комиссиялар мурда түзүлүп эле келгенин айтып, Салянованын оппозициялык ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселе токтоп турат деген көз карашын айтышкан.

Төрага Чыныбай Турсунбеков юристтердин аныктамасы жол бербесе да саясий чечим кабыл алып, маселени добушка койгонун айтты.

Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турган кезде Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевге адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деген негизде Башкы прокуратура кылмыш иш козгогон. Тергөөнү УКМК өз колуна алган.

Салянова мыйзамды бузбаганын айтып, айыпты четке кагып келет. 1-февралда ал УКМКга беш саатча сурак берип чыккан.

Депутаттык комиссия тергөөгө кийлигишпестен, кылмыш иштин козголушунун мыйзамдуулугуна баа берет. (RK)

XS
SM
MD
LG