Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:10

Электр тарифи жыл аягына чейин көтөрүлбөйт

Кыргызстанда электрдин баасы жыл аягына чейин кымбаттабайт. Бул тууралуу бүгүн Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Агенттиктин билдиргенине караганда, айрым массалык маалымат каражаттары тарифтер жогорулайт деп эч негизсиз айтууда.

Кыргызстанда 2014-жылы орто мөөнөттүү тариф саясаты кабыл алынган. 2017-жылга чейинки бул документке ылайык жыл сайын электр баасын 4-20% кымбаттатуу каралган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG