Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:39

Сот Алексей Навальныйды күнөөлүү деп тапты


Алексей Навальный Кировдогу сотто. 31-январь, 2017-жыл.
Алексей Навальный Кировдогу сотто. 31-январь, 2017-жыл.

Орусиянын Киров шаарындагы райондук сот оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды бир эле иш боюнча ушуну менен экинчи ирет күнөөлүү деп табууда.

Навальный менен кошо соттолуп жаткан Петр Офицеров да күнөөлүү деп табылды.

Алар мамлекет карамагындагы “Кировлес” ишканасынан акча уурдаган деп айыпталышкан.

Айыпкерлердин экөө тең күнөөлөрү жоктугун билдиришкен.

Навальный анын соттолуп жатышынын саясий жүйөсү бардыгына, бийлик аны 2018-жылдагы президенттик шайлоого катыштырбоону көздөп жатканына көңүл бурууда.

Прокурлор Навальныйды беш, ал эми Офицеровду төрт жарым жылга шартуу кесүүнү жана 500 миң рублдан айып салууну суранышкан.

Былтыр Орусиянын Жогорку соту Европа сотунун бүтүмүнөн кийин Навальныйды 2013-жылы беш жылга шарттуу кескен баштапкы өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн эле.

Алексей Навальный, 2011-2012-жылдардагы нааразылык акциялардын лидери болгон.

Андан бери президент Путиндин айлана-чөйрөсүнүн коррупцияга малынганын күбөлөндүргөн бир нече баяндамаларды да чыгарды. (UE)

XS
SM
MD
LG