Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:06

Чек ара кызматы Алановдун айтканын четке какты


"Ак Тилек" чек ара бекети
"Ак Тилек" чек ара бекети

Чек ара кызматы мурдагы кызматкери Талгат Алановдун айткандарын четке кагууда. Мекеменин маалыматына караганда, былтыр 17-декабрда Казакстандан мыйзамсыз ташылып келаткан кара майды Кыргызстанга киргизүүгө уруксат берүү үчүн Аланов жетектеген чек арачылар жүк ташуучуну опузалап, пара алган.

"Алановдун кол астындагылар анын атынан сүйлөп, пара талап кылган. Кызматтык иликтөөнүн материалдарында чек арачылардын мыйзамсыз аракеттери жана пара алынганы тууралуу аудиодалил бар. Материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди" деп билдирди мекеме өкүлү Сажира Чоколоева.

Бирок ал параны Аланов алганы тууралуу так далил жок экенин айтты.

Чек ара кызматынын "Актилек" көзөмөл-өткөрмө бекетинин мурдагы башчысы Талгат Аланов иштен мыйзамсыз алынганын бүгүн айтып чыкты. Ал үч ай аралыгында кара май ташуу боюнча төрт фактыны аныктоого жетишкенин, буга чейин андай бир да иш жасалбаганын жарыялаган.

Ошондой эле Аланов 26-январда Казакстандан ташылып келаткан 40 тонна кара майды киргизбей коёр замат кызматтан алынганын кошумчалаган. (RK)

XS
SM
MD
LG