Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Президент Трамп иммиграциялык жардыгын коргоодо


Президент Дональд Трамп полиция кызматкерлердин жыйынында сүйлөөдө. Вашингтон, 8-февраль, 2017-жыл.
Президент Дональд Трамп полиция кызматкерлердин жыйынында сүйлөөдө. Вашингтон, 8-февраль, 2017-жыл.

АКШ президенти бул маселеге 8-февраль күнү АКШнын полиция кызматкерлери менен жолугуп жатып да кайрылды:

- Биз силерге өз ишиңерди аткарууга мүмкүндүк беришибиз керек. Биз силер муктаж болгон куралды беришибиз керек. Бул нерсе (жети мусулман өлкөнүн жарандарын АКШга келүүсүн чектөө боюнча жардык) силерге зарыл болгон курал. Алар эми ушул нерсени силерден алууга аракеттенүүдө. Балким саясаттан, балким саясий көз караштардан улам. Биз буга жол бере албайбыз.

АКШ президенти 27-январда өлкөсүн “чет элдик террорчулардан коргоо” максатында деп кол койгон жардыктын мыйзамдуулугу азыр Сан-Франциско шаарындагы апелляциялык сотто каралууда.

Жардыктын аткарылуусу кол коюлгандан бир аптадан кийин кайра убактылуу күчүн жоготкон.

Бул Сиэтл шаарындагы федералдык соттун чечиминен улам болду.

Сотко болсо Миннесота жана Вашингтон штаттары президент жардыгынын конституциялуулугунан күмөн санап кайрылышкан.

Өкмөт мына ошол Сиэтл сотунун чечимин апелляцияга берген.

Апелляциялык сот өз бүтүмүн ушул апта ичинде чыгарат деп күтүлүүдө, бирок иш акыр-аягында Жогорку сотко чейин жетиш мүмкүндүгү айтылып жатат.

Трамптын жардыгына ылайык Иран, Ирак, Ливия, Сирия, Сомали, Судан жана Йемен жарандарынын АКШга кирүүсү 90 күнгө, текшерүүнүн жаңы эрежелери иштелип чыкканга чейин токтотулмак.

АКШ ошондой эле 120 күнгө качкындарды кабыл алууну, ал эми сириялык качкындарды кабыл алууну белгисиз мөөнөткө токтотмок. (UE)

XS
SM
MD
LG