Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:41

Москвадагы автокырсык үчүн кыргызстандык жаран айыпталды


Сегиз кишинин өлүмү менен коштолгон автокырсыктын себепчиси кыргызстандык айдоочу деп табылган. Москвадагы Тверь соту аны камоо тууралуу чечим кабыл алып, 8-февраль күнү Кылычбек уулу Бекбол камакка алынды. Орусия ИИМнин Москвадагы өкүлчүлүгү кабарлагандай, ал жол эрежесин бузуп, каршылаш тилкеге чыгып алганы кырсыкка алып келген.

1-февраль күнү Москвадагы Варшава шоссесинде “Тойота” жана УАЗ автоунаалары кагышып, сегиз киши набыт болгон. Кылычбек уулу Бекбол жаракат алып, ооруканага жаткырылган.(ZKo)

 

XS
SM
MD
LG