Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:00

Кыргызстандын азыктарын Европага чыгаруу тартиби тууралуу маалымат берилет


Улуттук курут.
Улуттук курут.

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Чезаре Де Монтис 9-февралда журналисттерге маалымат жыйынын өткөрөт. Ал Евробиримдик менен Кыргызстандын өткөн жылкы кызматташтыгынын жыйынтыгы тууралуу айтып, ошондой эле президент Атамбаевдин Брюсселге сапары жөнүндө да маалымат берери күтүлүүдө. Мындан тышкары Евробиримдик делегациясынын Кыргызстанга келиши тууралуу да сөз болот.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, маалымат жыйынында журналисттер өздөрү кызыккан суроолорго да жооп ала алышат.

Евробиримдик өткөн жылы Кыргызстандын өнүмдөрүнө ВСП+ мүмкүнчүлүгү менен өзүнүн базарын ачкан. Бул мүмкүнчүлүк кыргызстандык экспортчуларды Европага ташый турган товардын алты миңден ашуун түрүнө бажы төлөмүн төлөөдөн бошотот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG