Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:47

Депутат Иманалиев: Бажычылардын көмүскө куралдуу күчтөрү бар


Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Бажы кызматынын жетекчилигин иштен алууну талап кылууда. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып ал парламенттин Бюджет жана финансы комитети мекеменин жетекчилигинин толук отставкасын талап кылып өкмөткө кайрылганын, бирок эч кандай реакция болбой келатканын айтты:

- Бажы кызматы мамлекетке минималдуу эле баш ийет. Булардын өзүнүн көмүскө президенти, банкири бар. Мен билгенден булардын өз көмүскө куралдуу күчтөрү да бар.

Депутат Иманалиев эл аралык изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянып кыргызстандык бажычылар уурдаган акчанын көлөмү 2008-2012-жылдары 4-5 млрд сом болсо, өткөн жылы эбегейсиз чоң суммада - 22 млрд сом болгон.

Бажы кызматы азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Бажы тармагындагы абал тууралуу "Азаттык" кечээ кеңири иликтөөсүн жарыялаган. (RK)

XS
SM
MD
LG