Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:50

Сарпашев: Максим Бакиевдин жери боюнча сот чечими чыга элек


Максим Бакиевдин жерине курулду деген коттедждер, Бишкек
Максим Бакиевдин жерине курулду деген коттедждер, Бишкек

Мамкатто кызматы Максим Бакиевдин сатылып кеткен жери боюнча өз позициясын Бишкектин район аралык сотунда коргойт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Мамкаттоо башчысы Тайырбек Сарпашев билдирди.

"Каттоого байланыштуу маселе сот аркылуу чечиле турган нерсе" дейт Сарпашев.

Бүгүн Башкы прокуратура өкмөт жетекчилигине кайрылып, Сарпашевди кызматтан алуу сунушун берди.

Башкы көзөмөл органы Сарпашев шаардык сот токтотуп койгонуна карабастан район аралык соттун жерди аресттен чыгаруу чечимин аткаруу тууралуу буйрук бергенин мыйзамсыз деп эсептөөдө.

Тайырбек Сарпашев өзү отставка тууралуу сунуш боюнча кабары жок экенин айтууда.

Бишкек шаарындагы Максим Бакиевге тиешелүү, сатууга тыюу салынган Скрябин 45-а дарегинде катталган 1,28 гектар жер сатылып кеткен. Бул маселе коомчулукта, парламентте кызуу талкуу жаратып, Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG