Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

Укук коргоочулар "Келинди" жабууну талап кылууда


"Келин" долбоору, тандоо туру
"Келин" долбоору, тандоо туру

Кыргызстандагы бир нече укук коргоо уюмдары "Келин" теледолбоорун жабууну талап кылууда. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева билдирди.

- Мен КТРКнын Байкоочу кеңешине кайрылып, тез арада чогулуп бул маселени талкууга алууга чакырам. КТРК сырттан продукт сатып алып жатканда экспертиза өткөрүп, анан кийин кабыл алышы керек. Бул жерде биринчи кезекте укуктук жана гендердик экспертиза жүргүзүлүшү зарыл, -дейт депутат.

КТРК эфиринен берилип жаткан “Келин” долбоору коомчулукта ача пикир жаратууда.Уюштуруучулар ал аркылуу үй-бүлөдөгү келин менен кайнене ортосундагы мамиле иликтенип, жоголуп бараткан кыргыздын салттарын жандандыруу аракети жасаларын айтууда.

Ал эми гендер жаатындагы эксперттер бул программа, тескерисинче, кыздардын укугун тебелеп, үй-бүлөдөгү тең укукту басмырлап жатканын белгилеп жатат.

Телекөрсөтүүнүн автору - жеке продакшн студия. Аны КТРК сатып алып, алгачкы турун көрүүчүлөргө сунуштады. (RK)

XS
SM
MD
LG