Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Депутат Акаев парламентте жаштар үчүн платформа түзүүдө


Жанарбек Акаев
Жанарбек Акаев

Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаты Жанарбек Акаевдин демилгеси жана сунушу менен прогрессивдүү жаштардын сунуш, пикирлерин өкмөткө жеткирүүнү көздөгөн платформа түзүлүүдө.

"...мен жаштардын атынан парламентке келдим, жаштарга байланыштуу көп маселелерди көтөрүп, чечүү жолдорун дайыма сунуштап келе жатам. Бирок бул жолу биз башка жаштарга да парламент трибунасынан сөз берип, өкмөткө реалдуу сунуштарын айтуусуна шарт түзөбүз" деп жазды депутат Акаев Фейсбук баракчасына.

Иш-чара 20-февралда Жогорку Кеңештин жыйындар залында өтөт. Ага жаштардан сырткары өкмөт мүчөлөрү, тиешелүү мекемелердин жетекчилери менен бирге парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков да катышат. (RK)

XS
SM
MD
LG