Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:18

Мамкаттоо башчысы Бакиевдин жери боюнча түшүндүрмө берди


Тайырбек Сарпашев
Тайырбек Сарпашев

Мамкаттоо кызматы Максим Бакиевдики деген жер тилкесине байланыштуу иште мыйзам бузган эмес, соттун чечимин гана аткарган. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында мекеменин башчысы Тайырбек Сарпашев билдирди.

- Жерди камакка алуу тууралуу сот чечими 2-ноябрда кабыл алынган. Ал эми бизди ал тууралуу 28-декабрда кабардар кылышты. Эмне себептен биздин кызматка бул сот чечими тууралуу маалымат кеч берилгендиги териштирилиши зарыл, - деди Сарпашев.

Сарпашев ушул жагдайды териштирүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрыларын кошумчалады. Мамкаттоонун жетекчисинин пикиринде, Максим Бакиевдин аталган мүлкүнүн айланасында кылдат иликтөө жүргүзүлүшү зарыл.

Бишкек шаарында мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевге тиешелүү, сатууга тыюу салынган 1,28 гектар жер сатылып кеткен. Буга байланыштуу Башкы прокуратура Сарпашевди ээлеген кызматынан бошотууну өкмөт башчыга сунуш кылууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG