Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

ЖС: Түлеевдин жана жакындарынын мүлкү мамлекетке өткөн


Нариман Түлеев кызы менен
Нариман Түлеев кызы менен

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нариман Түлеевге жана анын жакындарына таандык экени аныкталып камалган мүлк мамлекеттин эсебине чегерилген. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Айрым маалымат каражаттары Түлеевдин мүлкү тууралуу айтылбай жатканын белгилешкен.

2012-жылдын августунда Түлеев Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобус сатып алууда мамлекеттик каражатты жымырып алган деген айып тагылган. Ал камакка алынып, 2016-жылдын 7-майында бошотулган. (RK)

XS
SM
MD
LG